калтылдак
- Калтылдама, калт-калт этип турма, солкулдак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бөксөдө бөрү көналбай, / Көөнүнчө жандар жүрө албай, / Балтадан чыккан чакылдак, / Түн ичинде болгондо, / От чагылып жалтылдап, / Кош көрүнүп корконго, / Муунуна кирип калтылдак, / Чарайнага найзанын, / Учу тийет такылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайрылып Ногой басарда, / Калтылдагы жазылды, / Кабагы мунун ачылды: / — Манас уулум сенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аңтарылып кетчүдөй, / Жерге кирди калтылдак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көөдөнгө найза такылдап, / Туулгага балта чакылдап, / Болотко болот тийгенде, / От чачылып жалтылдап, / Токтоно албай кара жер, / Козголгонсуп калтылдап, / Ачуусуна чыдабай, / Ошондо Кыйаз каапырдын, / Бойуна кирди калтылдак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жакшылардын бул өңдөнүп, бир чечимге келе албай эки жарылып калтылдакка түшүүсүнүн чоң себеби да болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →