калтылда

китептерде 43 жолу, 9 китепте
  1. Калт-калт этип солкулдоо, чайпалып же кыймылдап туруу.
  2. өт. Коркуу, батына албай сестенүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Барса Шоорук муну айтат: / — Ашпай белден керүүгө, / Кеңири жерге түшкүн, деп, / Тээ белде турган киши айтат, / Көргөндөн бери караанын, / Бүткөн бойум калтылдап, / Токтобой кара тер басат, / Ошентип турса ач белде, / Алдында мунун ким ашат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Темири учуп асманга, / Күн чагылып жалтылдап, / Кимибизге түшөт, деп, / Башына калкан жамынып, / Аскердин баары калтылдап, / Аңгычакты болбоду, / Талананын башына, / Чапкан балта чакылдап, / Айта- буйта кылгынча, / Ана- мына дегинче, / Ачып көздү жумганча, / Андас тууган Кененим, / Алтымыш койуп өттү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кутунай кирип барганда, / Малуна кеби бул эле: / Козголчудай калтылдап, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Ат куйругу балкылдап, / Көрүнүшү айбаттуу, / Найзанын учу жылтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ачуусу келип Сары дөө, / Каарланган бой менен, / Калтылдап кара жол менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Калтылдаган элпек колун дагы жаңкыдай кылып, өлчөп туруп: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →