калтаңда

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Кубаты кетип, бир калыпта тура албоо, түзүктөп баса албай калтылдоо, калч-калч эткен абалда болуу же шашкалактап, эмне кыларын билбей калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Жедигердин беш киши / Каракөз баштап кошулуп, / Беш уруктун аскери, / Бетирке баштап отуруп, / Бадакшан барды балбаңдап, / Каарынан коркуп калтырап, / Хан Калдыкка жалпаңдап, / Бет келалбай Каракөз, / Кийин калды аркалап, / Хан Калдыктын үстүнө / Хандар кирди чалкалап, / Эшикте калды Каракөз, / Түз басалбай калтаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эр Саламат келгенде, / Коркконуңдан калтаңдап, / Кобалбай бириң тамтаңдап? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Эки күн өрүн алган соң, / Ардыгы анын чыккан соң, / Кайкалай басып калтаңдап, / Жаш баладай мултуңдап, / Кара хандын үстүнө, / Кирип барды чултуңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эки кары какжаңдап, / Сакалдары бакжаңдап, / Байакы кездер колдо жок, / Баштары кетет калтаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…й мылтык атканда, / Аккелтеге тайанып, / Семетей жалгыз жатканда, / Мына бу турган Гүлчоро, / Айбандан күлүк сур атка, / Катыр камчы чапканда, / Коңурбай калча калтаңдап, / Сууга кире качканда, / Боолук салып Гүлчоро, / Аты менен кармаган, / Эки күндүк арттагы, / Эр Семенин алдына, / Сүйрөткөн бойдон алпарган, / Жооп алып бааты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →