калтар

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Кылдарынын учу агыш, кызгылт тарткан жылтылдак кара түстүү түлкү.
  2. Ушул айбандын териси.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чынма-чынгы пул берип, / Ласадагы Ламасы, / Мага караан болот деп, / Сатып алган эр экен, / Калдыктан коркуп калтарып, / Берип койгон неме экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ажал жетип өзүнү, / Көрүнгөндөй көзүнө, / Бура тартып качалбай, / Тушалып буту басалбай, / Тил билбеген арамкор, / Кыргызча салам айталбай, / Жалдырап турат жалтанып, / Тик карабай калтарып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тапан хан алы келбесе, / Өзүнүн аты Калтарбаш, / Кутулбай тирүү беттешкен, / Койулган аты Куткарбас, / Тапан хан менен куткарбас, / Бирге ойноп чоң болгон, / Эки элге экөө зор болгон, / Кыйышпаган курбалдаш, / Башын кошуп бириксе, / Туралбайсың сен чыдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Апкаарыбай, калтарбай, / Манжунун ханы Мадыкан, / Атырайып түрү суук, / Карап турат маңдайда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Калтар болсо алдыңкы эки бутун көтөрүп асманды тиктеп калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →