калтаары

китептерде 31 жолу, 7 китепте
  1. Корккондо, сүрдөгөндө, бир нерседен кооптонгондо, шаштысы кетип, апкаарып калуу, батына албай, оңтойсуздана түшүү, эмне кыларды билбей калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

болуп такка конгондор, / Айагы жерге тийбестен, / Алек-далек жүгүрүп, / Каткырыгы баш жарып, / Карсылдашып күлүшүп, / Хан Калдыктан жалтанып, / Кеп кыла албай калтаарып, / Ээ болдук элге дегенсип, / Акыл айтып, нуска айтып, / Өлгөндөрдү угузуп, / Хан болгонду билгизип, / Калган элге айттырып, / Атайлап киши чаптырып, / Канык к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ун чакырып, / Найзасы тийсе кара таш, / Кумдай болуп чачылып, / Аркасында тозоңу, / Жөө тумандай жазылып, / Караган жанды жадатып, / Караган бенде таң калат, / Калтаарып баары калышып, / Кагышып чыкты кечкече, / Аппак шордо салышып, / Кайра жанбай артына, / Өчүгүшүп тайышып, / Өлүмдөн башка кеби жок, / Өзөктөн канды жайышып, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ы, көзү көк, / Бузулуп жаман сурданып, / Сакалы сары сеңселип, / Кармашарга жоо десе, / Каарданып эңсенип, / Качырып чыкты Кененим, / Манастап ураан чакырып, / Калтаарытып бар элди, / Жапырып чыкты Кененим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кайра артына тарта албай, / Төрт дуудуу туруп топ болуп, / Келе жаткан Алмаңа, / Кайаша кебин айта албай, / Сыргактан коркуп жалтаарып, / Жүрөгү түшүп калтаарып, / Илгери кадам баса албай, / Намысы жок төрт дуду, / Же төшкө чыга кача албай, / Карасуунун буткулга, / Түшүп кетти уйалбай, / Экөө жүрүп бешти алган, / Ушунд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сарыбай деп которгон, / Калтаарып элдер айта албай! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →