калпак
- Ак кийизден төбөсүн бийик, төрт кыйык, этегин жазы кылып, түрүп, кайырып коюуга ылайыкталып жасалган улуттук баш кийим.
- Жалпы эле башка кийилүүчү жеңил баш кийим, шляпа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кара калпак өзүбек, / Бадахшан, Үркөнүч жергелеш, / Алтымыш уруу көп алаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…, / Айтып кеткин Дабытай, / Бекер жерге жол салчуу, / Бейкут элге кол салчуу, / Мен эмесмин, Дабытай, / Алты атамдан жети атам, / Айтканын танган эр эмес, / Ак калпак кыргыз биздин эл, / Пейли бузук эл эмес, / Колго тийсе кош болгон, / Кишинин баары сен эмес, / Ушул кылган жумушуң, / Адам кылар иш эмес, / Ууруча барып айлыңа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөндүн далысы, / Кечирлери кесилди, / Кулгуна болуп ириңдеп, / Бүткөн бойу тешилди, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Бүгүн кайра жеткизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бара түшүп чалкалап, күндү карап коюп, калпагын ошол жакка баса кийип, чанжыны кыйкаңдатып, бир-эки шилтеп алат да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →