калпа
- Эшендин жолун жолдоочу, ишин улантуучу динчил адам, ушундай адамдын наамы.
- Диний тарбия берүүчү, үгүт жүргүзүүчү.
- тар. Кенже топто окугандарга көз салып, көзөмөлдөөчү медресе окуучулары.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кожокелди, Эшенди, / Акуй деген чеченди, / Атаке, Калпа дегенди, / Билген кебин үйрөтүп, / Кененимге жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Каалап келдим билдиңби, / Кааладым келдим диниңди, / Калпа султан пириңди!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каалап келген ак динди, / Калпа, султан, пир үчүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →