калп
- Жалган, туура эмес, чындыктын бурмаланган түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Билмексен болуп Мөңкөтай, / Келип кетип шыйпактап, / Кеп салган сайын калп эле, / Күлгөн болуп ырсактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кебиңдин айткын ырасын, / Кеп жашырып калп айтсаң, / Чыгарамын жыласың!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…анда, / Баарысы турду чуркурап, / Бөлүндү балдар чыркырап: / — Төрөбүзсүң Алмамбет, / Төгүн эмес айткан кеп, / Таштабай бизди ала кет, / Жаныбызсың Алмамбет, / Калпыбыз эмес айткан кеп, / Каканга койбой ала кет, / Аркаңа бизди сала кет, - / Анда туруп мен айттым: / — “Келме” айтсаң келгиле, / Кетели бирге жүргүлө, - / Айтканга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калп айтканга алданып, / Шум канчыкка байланып, / Эси болсо Тапан хан, / Эндекей элди кырдырып, / Кан жүктөнүп албасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
– Мунун баары калп!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →