калкылда
- Суунун же башка суюктуктун үстүндө калк-калк этип сүзүп жүрүү, калкыган абалда болуу.
- Абада канат сермебей, каалгый тартып, анда-мында термелип учуу.
- Суунун же башка суюктуктун үстү калк-калк этүү.
- Теңселип бир орунга тура албоо, калтылдоо.
- Жүрөгү көтөрүлүп, кускусу келүү, жүрөгү айлануу.
- өт. Калкылдоо, жайнап, көп болуп көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Кийгени темир көгөрүп, / Буттап темир өңөрүп, / Найза колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе кыңгырап, / Айбалта жанда жалтылдап, / Асаба колдо калкылдап, / Кылыч белде шыңгырап, / Кыргыздан чыккан жаш арстан, / Келди айылга чукулдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагылып жалтылдап, / Айбаты элди коркутуп, / Тармалкөк менен булкунтуп, / Алы келбей оозуна, / Алоолонтуп жулкунтуп, / Кутурган и…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Калкылдаган калың кол, / Маңдайлаша барышты, / Байрактарын сайышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…аны башка алчактап, / Айбандан башка көрктөнөт, / Үстүндө минген адамзат, / Колунда алган кушу бар, / Канаттары жаркылдайт, / Учуруп койсо үстүндө, / Тегеренип калкылдайт, / Доолбас уруп какканда, / Учуп чыккан өрдөк, каз, / Түк бирөөнү куткарбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өтөктүн чөбү калкылдап, / Көк ала сайма түрүндөй.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →