калкандай

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Далдагай, калкан сыяктуу жазы, калдайган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күүгүм туман көздүү экен, / Майлаган буудай жүздүү экен, / Ачуусу келсе кокустан, / Азырейил түстүү экен, / Кулагын көр калкандай, / Тийчүүдөй турат жалтанбай, / Кулжуңдашкан кишини, / Майдалап койсо эрки экен, / Чоңдугу төөнүн нары экен, / Толкуну көлдүн шары экен, / Салкыны сырттын жели… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абаң Кошой башкача, / Ай кулагы калкандай, / Алайган көзү чолпондой, / Аскери менен аралаш, / Эрендерин ойрондой, / Элпеңдеп кыйын тийиптир, / Таптап шумкар койгондой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жаркыны көздү уйалтат, / Элес күнгө кошулат, / Ай кулагы калкандай, / Алагар көзү чолпондой, / Эки айактуу жумур баш, / Туулабы пенде ушундай, / Кайта-кайта Куткарбас, / Канча имерип карады, / Көзгө сүрдүү көрүнөт, / Опол тоод… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көкөтөйдүн ашында, / Көп жыйындын кашында, / Акылман туулган Каныкей, / Алагар көзү чолпондой, / Ай кулагы калкандай, / Батасы журтту байыткан, / Батасын алган Кошойдун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алагар көзү чолпондой, / Эр кулагы калкандай, / Кызылы кызыл, агы ак, / Карга тамган кан кандай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →