калкан
- Жоокерчиликте найза, кылыч тийбесин деп тосуу үчүн колдонулуучу, металлдан жасалган согуштук курал.
- Темирди ширетүүдө бетти, көздү калкалай турган тосмо.
- Калкалап коюлган нерсе, тосмо.
- Тирек, жөлөк, калканч.
- Чүкөнүн таа жаккы таманына жакындата калдайтып куюлган кыт.
- Калдыркан көпөлөк.
- Кулактын калканы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Башына туулга көмөргүн, / Сом темирин өңөргөн, / Далыга калкан жамынган, / Белине темир курчанган, / Беттеп кирсе майданга, / Чыгарчуудай күм талкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үйдөй болуп калкайган, / Далысында калканы, / Кабылган киши каапырга, / Чыгып кетер талканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калканга найза такылдап, / Туулгага балта чакылдап, / Баш аламан урушта, / Баатырлар үнү бакылдап, / Тоо жаңырып заңкылдап, / Жана эки күн салышып, / Чыдаштык кылып тур…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алты кабат темир тон, / Демейде муну кийинген, / Үч жүз кез найза колунда, / Жети кабат калканы, / Мүрүсүнө илинген, / Алты кабат туулга, / Алмадай башка кийилген, / Үйдөй болгон чойунбаш, / Оң далыга асылуу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →