калкала

китептерде 99 жолу, 9 китепте
  1. Бир нерсе менен тосуп калка кылуу, далдаалоо, калканч кылуу.
  2. өт. Бирөөгө жөлөк, таяныч болуу, ар кандай кырсыктан, кыйынчылыктан сактап, коргоп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жедигердин Шоорук хан, / Караңгынын чапанын, / Калкалап башка жамынып, / Кылганы түшүп эсине, / Кыйаматтык кыл боолук, / Мойнуна калды тагылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Жанымды айап нетемин, / Качып берип ар кайда, / Баш калкалап жүргөнчө, / Балталашып көрөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Зулпукар менен кайсалап, / Тору менен балбаным, / Койбоду баарын талкалап; / Кайра тартты Коңурбай, / Качырып найза сайа албай, / Кара жанын калкалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калкалайсын канат жаап, / Каныңды төкчү кишиңди! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Кагылайындар ай, эми толуп жаткан чунак жетимдерди кайда калкалайбыз? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →