калка
- Далдаа, калканч, ар нерседен калкалай турган тосмо.
- өт. Кыйынчылыктан, кырсыктан сактап калар, колдоо болор жөлөк, тирек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…й айтат ошондо, / Аркасын карап кылчайып: / — Карыйабыз Аккубак, / Жатып тургун коргондо, / Жайбаракат көөн куунак, / Ак калпак кыргыз аркасы, / Алаштын болгон калкасы, / Кененим, көкжал, өзүң тур, / Айткан кепке көңүл бур, / Ордонун ханы Орунбай, / Токсон балбан ээрчитип, / Сен коргонду карап тур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Касиет, калка бир тууган, / Албан, кызай - эки урук, / Казак андан туулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кара кытай, манжуда, / Шибе, соло, муңгулда, / Аркалар киши калган жок, / Барган менен мен анда” / Коросондо Дабытай, / Баш калкалар бай таппай, / Бара турган жай таппай, / Көр напсиге алданып, / Калмактан дүйнө алам деп, / Кайран жан калды сай таппай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кабарды айкөл угуптур, / Калкайып көңүл буруптур, / Чакырып алып Серекти, / Кабылан айтып туруптур: / — Алмамбетке барып кел, / Айтып кебиң салып кел, / Жазган катын караткын, / Жаңылыш болуп к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жооп алып ханынан, / Куу кепти кийип жаңыдан, / Кайран жеңең калкайып, / Учуп чыкты Таластан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →