калк
- Эл, журт, көпчүлүк, калайык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Урматтуу казак элиңди, / Өзгө журтка кар кылып, / Жайнаган колуң бул турса, / Калкыңды ага зар кылып, / Басарга калбай бош жери, / Кең дүйнөсүн тар кыл, / Бул кылышың жакшы эмес, / Арамдык кылган мен эмес, / Адал ашка күмөнсүп, / Сен Медеркан, киши эмес!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чакырып келип Сынчыны: / — Калк башкарган сен, — деди, / Кана, кайда ат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калкың кабар албайбы, / Камын кылып турбайбы, / Же сайдырып жоголбой, / Же биз сайып жоготпой, / Качып барсак калдаңдап, / Бул барса кууп дардаңдап, / Атагы кыргыз ак калпак, / Тааланга кетип калбайбы?- / Деп, Гүлчоро болбоду, / Айтканын акыл ырас, деп, / Семетей менен Кара дөө, / Гүлчорого жол койду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Хан Кыйаздын алдынан, / Канчоро желип дал чыгат: / «Кабылан Кыйаз, барсыңбы, / Калк башкарган хансыңбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Калайык калкка ошондо гана жакшылык орномок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →