калжыра

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Орунсуз сөздөрдү сүйлөп тантырай берүү, келжирөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түбү хандын тукуму, / Бойунда тоодой талабы, / Асыл менен курбалдаш, / Хан Калдыкты салалы, / Деп Атынек айтканда, / Арамзаада Көкбөрү, / Ичинде ойлоп акыл, деп, / Айтканы жок, макул, деп, / Акырайа бир тиктеп, / Калжырабай нары тур, деп, / Өрттөй көзү кызарып, / Өпкөдөй бети бышаарып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененим мындай дегенде, / Калмактардын Кикимат, / Каарданып кеп кылат: / — Мага жайган торуң деп, / Каздырып жапкан оруң деп, / Шалкыматты өлтүрүп, / Сага теңтуш болдум деп, / Калжырайсың бокту жеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Хан Манас экөөң бирикчи, / Калжыраган Чубак кул, / Кагайын сенин жиниңди! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каардуу Кыйаз ханыңар, / Калжырай берет бокту жеп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алдына миңден алтынды, / Алман салдык байларга, — / Деп, Керимбай айтканда, / Анда Семең мындай дейт: / «Калжыраба, Керимбай, / Капкайдагы бокту жеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →