калжаңда
- Калжаң-калжаң этүү, калжактап эки жагына чайпала, теңселе басуу.
- Оозуна келгенди оттоп сүйлөй берүү, орунсуз сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Кыргыз эмес кылымды, / Жалгыз алыш ойунда, / Көпкөк темир кийинген, / Турган тулку бойуна, / Күчүн-күчкө улаган, / Өчүгүшкөн душманы, / Капылет өлүп сулаган, / Калжаңдатып тулпарын, / Кан бойогон найзачан, / Каңгайлап ураан чакырып, / Майданга чыкты бир адам, / Лопнурдакы эр Матан, / Өлүмдөн качан баш тарткан?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алкымынан чалышып, / Карылары калжаңдап, / Тамаша кебин салышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карыганча кара нээт, / Сен жүрөсүң бокту жеп, / Калжаңдаган неме эле, / Мен жүрөмүн мейли, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Качканы чын, жалган жок, / Менменсиген хан Чиктей, / Сөз талашар дарман жок, / Калжаңдап намыс талашып, / Качырар шайы калган жок, / Чиктей хан мойнун бурганы, / Кастарлап келген он балбан, / Карап булар турбады, / Батак деген немеси, / Балбан сынып найза сунганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Убара кылба калжаңдап, / Эриңден бирөө кел!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →