калжакта

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Калжак-калжак этүү, келжиреп орунсуз сүйлөө, орунсуз тамашалоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Куландар келди чаң салып, / Кулжалар келди даң салып, / Бууралар келет күркүрөп, / Жердин бетин от алып, / Жайнаган жалын дүркүрөп, / Бугулар келет калжактап, / Тоо теке келет дардактап, / Алгыр бүркүт асманда, / Канаттары далбактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кулжа болуп калжактап, / Качкан болсом дардактап, / Аркаман куудуң салбактап, / Эч нерсени билбеген, / Ойлосом сендей жок акмак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айдаган малдан чыга албай, / Аркар, кулжа кошулуп, / Кулжасы кочкор окшошуп, / Адырда ачык жер келсе, / Тура калып топтошуп, / Тоо текелер калжактап, / Так түйүлүп дардактап, / Жейрен келет сербеңдеп, / Кулжалары дердеңдеп; / Бугулар келет тарбаңдап, / Таноолору барбаңдап, / Алтымыш айры мүйүзү, / Ала бакан… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…“Артынан түшүп күн сактап, / Мен жүрөмбү буларды, / Азабым болсо көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Калдуубет менен беттешип, / Качырышып көрөйүн, / Качып кетсе калжактап, / Кайрат кылып туралбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →