калемпир
- Түрүнө жараша, кызыл, көк мөмөсү бар, даамы таттуу же ачуу, тамакка кошуу үчүн өстүрүлүүчү жашылча өсүмдүгү.
- Тамакка кошуу үчүн ушул өсүмдүктүн кызыл мөмөсүнөн жасалган порошок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Келе бери, баатыр, — деп, / Кеп көбөйүп жатыр, — деп, / Анжидандан алдырган, / Сагаса күлүн салдырган, / Калемпирге сулаган, / Карам мурчка буулаган, / Тарткан адам дуулаган, / Абайлабай тартканда, / Ат үстүнөн кулаган, / Жан чыктын чакча, / Суурушуп жанашалып турушуп, / Алып барып кай бирөө, / Алмамбетке сунушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…амыр чубалган, / Самса менен катырма, / Кирде менен ак токоч, / Андай аштын түрү кеп, / Чайнекке салган балы бар, / Демдеген кызыл чайы бар, / Кара мурч, кажо, калемпир, / Тамагында дагы бар, / Кашкардын кызыл мыйазы, / Бар тамакта даамы бар, / Дасторконго койгон аш, / Алтымыш түрчө чагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →