калем
- Сыя же тушь менен жазууга, чийүүгө ылайыкталып, сабына уч сайылган жазуу куралы.
- сүйл. Карандаш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жакшылык менен жамандык, / Калемде кеткен жазууну, / Жапкан менен жабылбайт, / Сен жашырып катпагын, / Мен билгеним айтамын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ханга теңтуш уз болуп, / Мадана көөнү толуптур, / Калемкашка туш болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кат жазуучу үстөлүң, / Жан-жанынан ойдурган, / Жакут таштан койдурган, / Сары алтын бөрктөлүү, / Дүбөтү менен калемин, / Үстүнө катар койдурган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Башында айткан сөз менен, / Буруулап атын койорго, / Тегеретип кыдыртып, / Тек жайын такыр ойлорго, / Калемде жазуу ошого, / Оозуна кирди ошондо: / — Оң жагымда кулунум, / Асыл бала бул уулум, / Алтын Айдар экен, — деп, / Жараша ага мен койдум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Болот калем дөбөтү, / Молдолуктун белгиси.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →