калдыркан
- Канаттары кооз, түстөрү ар түркүн болгон чоң көпөлөк.
- Каңылтыр темир.
- Буттун тизеден төмөнкү бөлүгүн жабуучу согуш кийими.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чарайна бар боорунда, / Калканы бар далыда, / Кызыл мис туулга үч кабат, / Чөмкөрө кийип башына, / Кисепче бар тизеде, / Кандагай шымы кийилүү, / Кара темир калдыркан, / Үзөңгүдө илилүү, / Асылдын аты Майтору, / Кара бойу капталуу, / Кандагай менен чапталуу, / Тулку бойу күймөлүү, / Туйагынан башкасы / Баары күмүш түймөлүү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…өмөрүп, / Баары темир көгөрүп, / Көөдөнүндө чарайна, / Далысында калканы, / Торгой көз темир бадана, / Беш кабат катар кийгени, / Тизесинде кисепче, / Үзөнгүдө калдыркан, / Алдынкы ээрдин кашында, / Жойкумасы байлалуу, / Эки миздүү канджардан, / Алтоо-жетөө камдалуу, / Сарапча тартып көзүнө, / Көргөн киши таң калат, / Бул капыр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Төрт айактуу айбандан, / Арстан эрге келтирбей, / Эки тулпар кайтарган, / Кабылан Манас баатырың, / Кетмек болчу кансырап, / Аккуласы баатырдын, / Калдыркандын жалбырак, / Жарасын жаап жабуулап, / Кан катырып калдыркан, / Кеткени жок кансырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…емир менен канжарды, / Унутуп калбай аны алып, / Колунсакка ок салып, / Мүрүгө илип жааны алып, / Чарайнасын тартынып, / Калканы жонго артылып, / Кисепче менен калдыркан, / Тизеден ылдый салаңдап, / Жети кабат күрөөкө, / Кийгени темир көмөрүп, / Тогуз кабат туулганы, / Төбөсүнө чөмөрүп, / Буттап темир курчанып, / Жекеге чыккан …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алтайдын айак жагында, / Күнөстүү күңгөй бетинде, / Андан кала бергенде, / Чоң Кеңколдун ичинде, / Калдыркан ала жалбырак, / Ат туйагы тийгенде, / Жез дообулбастай шаңгырап, / Уну катуу угулат, / Ошол чөптөн үн чыгат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →