калдырак

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Калдыр-калдыр эткен калдырама.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калтырбай бара кетем, деп, / Бөкөнүн бөксө жол менен, / Үч Кошой, Сарыкоо менен, / Капка менен Эчкилик, / Калдырак Кара тоо менен, / Маңдай жагы кең тескей, / Жергенин сары талаасы, / Жерин чардап эл көрүп, / Кыргыздын кыраан баласы, / Жаакташка барыптыр, / Майбулак менен Ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…гың салып сен уксаң, / Ай караңгы түнгө окшоп, / Булут баскан күнгө окшоп, / Соолуп калган гүлгө окшоп, / Суу тамбаган чөлгө окшоп, / Гийеси жок жерге окшоп, / Калдырак кара ташка окшоп, / Каткан кара шорго окшоп, / Казып койгон орго окшоп, / Жалыны өчкөн корго окшоп, / Жан түшпөгөн торго окшоп, / Өнбөй калаган чөпкө окшоп, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
– деп, / Агасы айткан кептерди, / Алдын-ала бүтүрүп, / Кызыл уук калдырак, / Кереге-уугу шалдырап, / Кейиште турган калмактар, / Айтарга кебин таба албай, / Чуулдап жатты мамындай: Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таманга тери калтырбай, / Калдырак кара таш тилип, / Күнү-түндө бир чөйчөк, / Сууну койот ичирип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…ымак, / Сүмбөдөй болуп семирип, / Басарга жерди табалбай, / Алоолонуп желигип, / Каба-кабат бел менен, / Капчыгай кара коо менен, / Каркайган кара тоо менен, / Калдырак таштуу зоо менен, / Калың токой жер менен, / Толкуну катуу сел менен, / Токойу калың жер менен, / Томуктай жерде кара жок, / Аппак карлуу бел менен, / Чалкак-ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →