калдыра
- Калдыр-күлдүр, калдыршалдыр этүү, калдырттаган дабыш чыгаруу.
- Калдырттап калгыдай как кургоо, аябай какшуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кокүн өлдү дегенде, / Мууну кетет шалдырап, / Кеп кылалбай кыйлага, / Тиктеп калат жалдырап, / Ачууланса биздерди, / Кайта айдайт калдырап, / Келбей койор айла жок, / Келебиз кайра жалдырап, / Кокүнгө айткан кебиңди, / Койбой баарын укканда, / Акыл ойлоп табалса, / Алдыңа киши жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арстан Манас баш болуп, / Хандын баары калдырап, / Кошойдун жолун караса, / Тоодой тору аты бар, / Колуна алган кушу бар, / Ээрчиткен тайган ити бар, / Толгомо саптуу камчы бар, / Жанында эки киши бар, / Кад…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Сейиттин калканы, / Мыктары кетти шалдырап, / Кээ бир барча сыныгы, / Жерге түштү калдырап, / Эми Сейит турбады, / Эси оогандай жалдырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, / Катыны элек бир эрдин, / Мени карап койгун”, деп, / Сүйлөп к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Биз жатып жаткан учурда киречилер менен калдырап, жөнөп кеткендей болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →