калдык

китептерде 584 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсенин арткан, калган бөлүгү.
  2. Коомдук эски көрүнүштүн жоюлуп бүтө элек айрым элементтери, саркындылары.
  3. Бөлүнүүчү сандын тийиштүү бөлүктөргө бирдей бөлүнгөндөн кийин артып калган саны.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңгыттардын хан Калдык, / Жан алчуудай каарданып, / Өзүмдүн элим дебестен, / Ачуу сөзүн агытып, / Калгандарга заар салып: / — Эртеңден баштап жекеге, / Мен барамын дебегин, / Мен барам деп чыкканын, / Баш байланып келесиң, / Баш байланып келбесең, / Башыңды берип өлөсүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Деп ойлонуп кабылан, / — Келген экөөң кет, — деди, / Дабытайга жет, — деди, / Бара жатып аларга, / Учурап калдык талаада, / Кененим деген балаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Эрен Манас, бил,-деди, / Ээсиз калдык биз,-деди, / Кечээ бар Жаңжүн күндө жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда туруп мен айттым: / — Андай болсо, агалар, / Сейитек биздин ханыбыз, / Жыргап калдык баарыбыз, / Жашы менен карыбыз, / Силер жатып тургула, / Биз кабарга баралык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Болжошкон жерге келгенде экөөбүз элдин артында калдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →