калдаң1

китептерде 162 жолу, 8 китепте
  1. Калдайган, далдагай тарткан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

дени бар, / Бул дүйнөгө туралбай, / Буйдалбастан кеткени, / Өчөшүп улам жаңылап, / Калкандары калдаңдап, / Этектери далбаңдап, / Келе берди дардаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каңгайлап ураан чакырды, / Катуу айгайлап бакырды, / Караңгыда калдаңдап, / Кабылан эрди качырды, / Капташып кирип келгенде, / Жандап өтө берди эле: / — Кетти душман жериңе, / Кейишти салат элиңе, / Мен Торгойго кызматкер, / Чигитейге беттешип, / Айтып койгун деди эле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Таластагы урушта, / Кененимдин аскери, / Тааныгандын бири экен, / Кененим аны тааныбайт, / Тааныды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ның кылып турайын, / Кызматтан мойнун бурбайын”- / Өзү менен иши жок, / Кайран Сыргак муну деп, / Хан Манастын камын жеп, / Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айлана сеңир тумшуктан, / Чыга калса эки арстан, / Кайран баатыр Кара дөө, / Кабизет кылып калдаңдап, / Эки этеги далдаңдап, / Далдал болуп сооту, / Жыртылыптыр салбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →