калдаста
- Карбаластап, эмне кыларын билбей шашып калуу, шаштысы кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кармаганча Чакмакташ / Найзаны тартып алганы, / Капыр Калдык калдастап, / Балтасын алды алдастап, / Арам заада чоң маңгыт, / Качып калды калдактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– / Деп ошентип демитип, / Кыны жок кызыл кылычын, / Кармай алды сабынан, / Калдастап Ажың ошондо, / Катты алды жанынан, / Эңкейип бели бүгүлүп, / Тизесин ийип бүкүйүп, / Башын ийип түңкүйүп, / Кагазды сунуп турду эле, / Аш кайнамда катты алды, / Баш жагына таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хандан буйрук алыптыр, / Кадырлуунун бири эле, / Калдалаңдап калдастап, / Апкаарый сүйлөп алдастап, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Эки буту салбактап, / Этеги кетип балбактап, / Таноосу көөп барбактап, / Ат өлтүрө чапкылап, / Кара тер…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Каргалдайы калдастап, / Декдеңдей басып алдастап, / Карадөө угуп кабарды, / Аттанып кетти барбаңдап: / “Кайда болсом кызмат бар, / Кишимин, — деп ишенген” / Жерге батпай дардаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Угуп болуп Чокмогой, / Коктукаттын шаарына, / Эми эле улук болгондой, / Алып учуп калдастап, / Сүйүнгөнү ошондой: / “Билбейт экен Сомбилек, / Бекбачага уу берип, / Бизди өлтүрүп койду, деп, / Сыр алдырбай мен туруп, / Тактыга чыксам болду” – деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →