калдакта
- Калдаң-калдаң этип кыймылдоо, калдаңдоо.
- Карбаластоо, шаштысы кетүү, шашкалактоо, калдастоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…енип калды Каракөз, / Көп уктабай аз уктап, / Өзүнчө күлүп шаңданып, / Эрте туруп кеч жатып, / Шашкалактап калдастап, / Токтобой жүрөк алдастап, / Кол чогултуп калдактап, / Төшүн жайып далактап, / Каракөз жолго салыптыр, / Каракөздүн катынан, / Кабар алган алты хан, / Баарысы жөнөп алыптыр, / Кененим айткан көп элге, / Бастырып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кармаганча Чакмакташ / Найзаны тартып алганы, / Капыр Калдык калдастап, / Балтасын алды алдастап, / Арам заада чоң маңгыт, / Качып калды калдактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чогултуп туруп жутам деп, / Айбаа келет калдактап, / Эки чоро алдында, / Качып келет далдактап, / Канык баатыр Керкөкүл, / Тура калды жол сактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…еп, / Ого бетер чу койду, / Чылбырдан жетип кармарда, / Мээлеп турган Коңурбай, / Очогор менен бир койду, / Олжо алалбай кара атты, / Кабылан Сыргак торойду, / Калдактап Коңур жеткени, / Кылычын кындан алганча, / Кырандын башын кескели, / Аңгычакты артынан, / Бай Жакыптын эр Серек, / Бакырган бойдон жеткени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтып Тапак барбактап, / Жүгүрүп келип дардактап, / Далысында калганы, / Казанбактай калдактап, / Белин ийип бүгүлүп, / Башын ийип жүгүнүп, / Муну көрүп Тапан хан, / Карап турат бир четте, / Кара жандан түңүлүп, / Муну мындай таштайлы, / Тапан хан менен канчыктын, / Куткарбасты мааналап, / Кеткенинен баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →