калдагай
- Калдайган, өтө чоң, калдайып көрүнгөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коросондун Дабытай, / Испандакы Ачакан, / Тажиктердин Темирбек, / Коктукатта хан Чыктей, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан үч моңгул, / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кыкымат, / Темир тондуу Шалкымат, / Адам жеңгис баары алп, / Кол салдың деп кыргызга, / Жалаңгыч сарык Кененим, / Баарынын кан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…еп, / Куру кантип калам деп, / Далайлар кылды кайратты, / Асмандан ташты кулатып, / Кылып көрдү айбатты, / Куландын сары сайында, / Козголбой жаткан эрлериң- / Калдагай кулак Чойун алп, / Жез киндиктүү Кикимат, / Темир тондуу Шалкымат, / Кокту каттан хан Чиктей, / Тажиктердин Темирбек, / Алар да келген тебелеп, / Коросон, испа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Качырып найза сайышып, / Соотторун булушуп, / Балта менен чабышып, / Калдагай темир калканын, / Кыргагынан жарышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Калдагай кулак Чойун алп, / Барабанды урдуруп, / Жыйырма алты миң аскерин, / Жайнатып чыкты чубуртуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…рөө бар, / Анын оң кол жагында, / Алтын чырай нур беттүү, / Ийриси жок түз кептүү, / Пешенеси жапжайык, / Пендеден ашкан келбеттүү, / Каралжын ыраң тону бар, / Калдагай келген топчулар, / Сыныктын эбин тапчудай, / Сыйкыры журтту басчудай, / Өлгөндүн көзүн ашчудай, / Өнөрдүн баарын казчыдай, / Балбан экен баарыдан, / Айлакер эк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →