калбыр
- Эгин тазалоо, кум ж.б. элөө үчүн колдонулуучу майда тешиктери бар элек сыяктуу буюм.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…төрт туйак, / Чаткайагы колоттой, / Жер согору болоттой, / Кашка тиши кадоодой, / Кызыл тили бүлөөдөй, / Жылкыдан чыккан түр сайак, / Күлүктүк сыры боорунда, / Калбыр өпкө кур жүрөк, / Канаты бар сыртында, / Адамдан чыккан Бекбача, / Жылкыдан чыккан Тору атча, / Ат менен ээси келишкен, / Мен көрбөдүм бул чакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Силердеги Мааникер, / Калбыр өпкө жез канат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мынабу турган сеңирлер, / Калбыр көз тешик бүтүн жер, / Өзүм казаган орум бар, / Уй айлангыз жолу бар, / Жайын билет Коңурбай, / Тереңдиги орлордун, / Сексен эки кулач бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Камыш кулак, тик туйак, / Колоттой бар чаткайак, / Туурасы жок туйакта, / Казыктай түз төрт шыйрак, / Калбыр өпкө, жез канат, / Каралысыз Жээрде ат, / Асыйы толгон жыйырма беш, / Арбытып чуркар ушул кез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Калбыр өпкө жез канат, / Уйаң куйрук тайкы жал, / Тармалданат тал-талдан, / Кыздын саамай чачындай, / Өтө көркөм жасалган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →