калак1

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Бир нерсе сузуп алууга ылайыктап, кичинекей күрөк түрүндө жасалган үй буюму.
  2. Дары сыяктуу нерселерди өлчөп алуу үчүн колдонулуучу кашык сыяктуу кичине курал.
  3. Сууну шилеп, кайык айдоо үчүн колдонулуучу, баш жагы жалпак, сабы жумуру келген курал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күрөөкөнүн этегин, / Түрө тийген куу найза, / Жамбаштын калак башынан, / Жандай учу жетиптир, / Найзанын учу кылт этип, / Аралап бөйрөк кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Жез кемпир сокусун кайык кылып минип, сок-билегин калак кылып деңизден сүзүп жөнөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →