калайман

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Чуру-чуу, жаңжал, чыр-чатак, бүлүк.
  2. Зордук-зомбулукка, бирөөнүн бийлигине көрсөтүлгөн каршылык.
  3. Кыйынчылык, оорчулук, азап тарттырган оор шарт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…акылдап, / Такалуу аттын доошу бар, / Туш-тушунда такылдап, / Булутту минип ат кылып, / Камчы кылып жыланды, / Жалгыз бирөө сорчудай, / Бүткүл дүйнө ааламды, / Калайман салып Кызылкыз, / Канча айлантып кубултуп, / Каран калган заманды, / Кайра качпас кеменгер, / Манастын уулу Асыл шер, / Каарданып бакырып, / Манастап ураан чак… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Муну мындай таштайлы, / Сыр коргонго Коңурбай, / Кол салганын баштайлы / Кабылан туулган Гүлчоро, / Калайман салып Коңурга, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Калмак арбын, кыргыз аз, / Калайман уруш салыштан, / Ойлонуп барың ыраак кач. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Нечен бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
— Большевик — бир элдин таалайына каршы жаралган калайман. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →