калабалуу

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Чыр-чатактуу, уруш-талашы көп, дүрбөлөңдүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Манаттан көрпө тарттырып, / Айкөл Манас шер баштап, / Абаң Бакай, зор баштап, / Ойрон Чубак чоң баштап, / Кырк жигиттин бири эле, / Кыраан Сыргак эр баштап, / Калабалуу Кыргыл чал, / Кагып доол салыптыр, / Кыргын тийген немедей, / Кырк баатырдын бардыгы, / Кыйрап жөнөп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– / Деп Алмамбет бергенде, / Пейпайлуу заман күн түштө, / Бетме-бет турган көп элге, / Ал аңгыча болбоду, / Калабалуу кыргыз тил, / Кагып доол койгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ “Бул жоболоңдуу чал эле, / Жолтоосу кыйла бар эле, / Жоголуп кокус кетер, — деп, / Жолтоосу мага жетер, — деп, / Калабалуу чал эле, / Калбасы кыйла бар эле, / Качып кокус кетер, — деп, / Калбасы мага жетер” — деп, / Тогузун айдап топулдап, / Артынан жүрүп сопулдап, / Жолуккан элден… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Анда Чубак кеп айтат, / Айабай катуу бек айтат: / — Калабалуу калмагың, / Түп Бейжинге барыптыр, / Түгөл кытай жылкысын, / Түп көтөрө алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайран жанды унутуп, / Кайрып артка таштады, / Калабалуу кагышты, / Кайта дагы баштады, / Сомбилектин найзасын, / Балта менен бул Ойрот, / Сындыра чаап таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →