кал3

китептерде 8498 жолу, 10 китепте кал 1 →кал 2 →
  1. Өз жайында болуу, бир жакка жөнөп кетпөө.
  2. Бир нерсенин ашыгы же бирөөгө тийиштүү үлүшү, бөлүгү бүт жок болуп кетпей, артуу, арткан болуу, артык баш болуу.
  3. Толук бойдон арытылбоо, жоголбоо, жоюлуп кетпөө.
  4. Жок болуу, жоюлуу.
  5. Колго алынбоо, аткарылбоо, көздөбөй, карабай, таштап коюу.
  6. Белгилүү бир абалга дуушар болгондукту, ошондой абалга келгендикти билдирүүдө колдонулат.
  7. Кандайдыр бир нерседен ажыроо, айрылуу, аны мурдагыдай улантууга, аткарууга мүмкүнчүлүгү болбоо.
  8. Оюндан, мелдештен утулуу, жеңилүү.
  9. Элдин эсинде сакталуу, унутулбоо, элге таралуу, өзүнөн кийинкилерге өтүү.
  10. Кыймыл-аракеттин тез арада болуп өткөнүн же болуп аяктаганын билдирүүчү жардамчы этиш катарында колдонулат.
  11. Негизги этиштин -ганы формасынан кийин айтылып, кыймыл-аракеттин аякталып бүтө элек, аяктоого жакын абалда турганын көрсөтөт.
  12. Тангыч формадагы негизги этиштен кийин айтылып, сүйлөөчүнүн оюн бекемдөө, күчөтүү, тактоону билдирет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Асылбача жаш өлүп, / Бул иши мага калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кардыгач кызым чоңойуп, / Каралды болуп калды эле, / Өзүмдү тартып калганбы, / Өтө кароо малга эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Көчүгүн ташка лак койуп, / Алаканын шак койуп, / Көктү карап каткырат, / Күлүп атып томсорот, / Ыйлап кетет шолоктоп, / Жылаңайлак, жылаңбаш, / Көйнөк–ыштан кийбеген, / Карандай өзү жылаңач, / Жулуп жатып жок калды, / Башындагы чыккан чач. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эл көрүнбөй калган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →