какыра
- Суусу жок какшыма, какыр болуп туруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Какыраган чөл басып, / Чаңдап жаткан кум басып, / Чалкалаган төр басып, / Зоңкойгон канча тоо басып, / Тоңкойгон канча бел ашып, / Мелтиреп жаткан көл көрүп, / Баш-айагы түгөнгүс.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Канчородон кеп сурап, / Калайык журттун алдында, / Кыл чылбыр толгоп санына, / Далда эмес жарыйа, / Ачык айтып баарыга, / Бакай башын алганда, / Жалгыз бейит атантып, / Жалгыз жолдун бойуна, / Какыраган корумга, / Чычкан жүрчү коргулга, / Көмөөр күнүм болоорбу?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Какыраган таш калды, / Буртулдаган шор калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Үйдүн ичинде ар кай жерде, алда качан какырап калган уйдун жампалары жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →