какылда

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. «Как-как», «каак-каак» эткен дабыш салуу (тоокторго, каз-өрдөк же каргаларга карата).
  2. Оозу-оозуна тийбей какшана берүү, көп сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Болуп жаткан тапылдак, / “Андай сайып, мындай чаап” / Акыл берип балбанга, / Карасур менен калдайып, / Калдык турат какылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…н, / Өпкөлөтө теминип, / Жери түтөк Кеңколдун, / Өпкөсү көөп демигип, / Кулактарын кайчылап, / Тулпарлары элирип, / Кандыргалап жарышып, / Кара темир үзөнгү, / Какылдашып кагышып, / Күндүн нурун батырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сумурук айтып кыйла сөз, / Асман менен какылдап, / Жөнөп калды жол баштап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ачып чыгат алдырап, / Айылга келет жылаңач, / Иттер келет такымдап, / “Ой, Айчүрөк, Айчүрөк, / Катыны элек бир эрдин, / Мени карап койгун”, деп, / Сүйлөп кетет какылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Каңгыра какшап, кан безеп, / Жалынып турат какылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →