какый

китептерде 3 жолу
  1. Денесин түз кармап, бир орунда козголбой, былкылдабай туруу, кайкаюу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— деп менин бетимди аткып алчудай болуп, көзүн акшыйтып, алдыма какыйып тура калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бирок бул сөздү уккандан кийин, Бейшемби таң аткыча какыйып, аттарды кайтарып чыкты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эртең кой менен кетем деген түнү мен, таң атканча чырм этпей какыйып чыктым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →