какшы

китептерде 25 жолу, 9 китепте
  1. Суусу жок кагырап калуу.
  2. Нымы калбай кургоо, кургап, куурап калуу, какжыроо.
  3. Отко какталып, ысып кетүү.
  4. өт. Таптакыр түгөнүү, жок болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Элден чыккан эсир, деп, / Курт-кумурска жесин, деп, / Какшыган чөлдө калыптыр, / Канчоронун бейити. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Какшымак элек соолуп, деп, / Жер-сууңду соруп, деп, / Дүрүлдөп чалкый бергин, — деп, / Көлгө айтканы дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оркондун кызыл суусуна, / Келип Алмаң караса, / Өзү көргөн өгүнкү, / Өөрчүп жаткан чоң дайра, / Какшып соолуп калыптыр, / Сай төбүндө кылдырап, / Көк кашка суусу агыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Беш ата болуп кетиптир, / Какшыгандын түбүнө, / Такыр кыргыз жетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Арстандардан ажырап, / Калама арык кулады, / Суу акпай какшып куурады! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →