какшан
- Кайра-кайра какшап айтуу, какшай берүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тойгуза курсак ашын жеп, / Тогуздап темир тон кийип, / Тоодой капыр аттанды, / Кыйар барды өлдү, деп, / Көргөндөрү шаттанды, / Карап туруп кыр жактан, / Торгой байкуш какшанды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Деп Алмамбет какшанып, / Басылбай боздоп үн салып, / Ичин жарып жинди алып, / Тазалап канын жуудуруп, / Катырма даары куйдуруп, / Каратып туруп Манасты, / Бакай ханга баш жагын, / Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Какшантпай кары түлкүнү, / Куткарбас баатыр, башын ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эшиктен кирсе үйүнө, / Катыны ыйлап какшанган, / Күчүктү көрүп кансыз дөө, / Кайыпчалдын үй ичин, / Бардык жерин аңтарган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Таазымда турган Керимбай, / Какшанып сөзүн козгоду: / “Өзүм казак элимин, / Күрпүлдөктөн келемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →