какчаңда
- Ыгы жок кажылдай берүү, ар нерсеге кийлигишип, бышыксынуу, чыйраксынуу (көбүнчө кары адамдарга карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сакычакты баргын деп / Айтканы жок бир киши, / Хан туруп чыгып какчаңдап, / Ырас болду өлгөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жаман карып калды, деп, / Айылдагы эл айтат, / Какчаңдады деп айтат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…инен, / Бир жүн төш катын алыпсың, / Күндүз жатып уктайсың, / Күн жанынан чыкпайсың, / Түндө жатып уктайсың, / Түн жанынан чыкпайсың, / Сен жетипсиң катынга, / Какчаңдаган кара сур, / Ара күрмөй качырга- / Шылдың кылып абыдан, / Күлө сүйлөп шылкылдап, / Эликтеп бетин чымчылап, / Чыгып кетти эшикке, / Белдемчиси буластап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чыныке чуркап какчаңдап, / Түрүлгөн көзү чакчаңдап, / Чуркап кирди үстүнө, / Токтоо кылбай дагдаңдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Туйгузбай айтып жылма кеп, / Сөзү заар болуучу, / Какчаңдаган Каныкей, / Өзү заар болуучу, / Каныкей, Бакай ал болсо, / Семетей заар болуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →