какжыра

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Өтө кургап, эби-сыны, калыбы бузулуу, мурдагысындай болбой калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Кургак жерге келбеген, / Сырты кара, боору ак, / Суучулдук деген чымчык бар, / Андан кармап келиңер, / Жүнүн жулуп алгыла, / Күнгө жайа салгыла, / Чай кайнамда какжырайт, / Талкан кылып тарткыла, / Жараатына чапкыла, / Сүт тикенден тергиле, / Кайнатып туруп бергиле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Куурап күндө какжыра, / Кундагыңды чыгарып, / Чөлгө ыргытып ийбесем, / Ошондо чирип жоголгун, / Темириңди акпаган, / Көлгө салам тийбесең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Заңкайган Алатооңдон, / Залкайган терең кооңдон, / Какжырап жаткан чөлүңдөн, / Мелтиреп жаткан көлүңдөн, / Төшүн жайып дагдайып, / Кеңирсип жаткан төрүңдөн, / Байчечекей жайнаган, / Саймадан көрктүү бүрүңдөн, / Сан-санаксыз кубулган, / Көз жалтанган гүлүңдөн, / Урмат менен суранам, / Упурак болуп муңайам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →