какжай

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Каржайган арык кебетеде болуу, өтө арык көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чынгыш менен көрүшүп, / Калжыңдашып күлүшүп, / Какжайышып олтурду, / Ичтеги кебин төгүшүп: / — Айтумуш хан, келипсиз, / Бар беле зарыл ишиңиз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Каныкейди какжайтып, / Торпок багар кылайын, / Эмизип ийсе торпокту, / Сабатып күндө турайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Какжайган сөөгүн кажыр жеп, / Кажырдын богу болгондур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…н көп, / Түк бүткөндөн бер жакка, / Дык тийбеген денеге, / Саксайганы андан көп, / Кере сакал, аргын жүн, / Бакжайганы андан көп, / Өрттөнгөн токой кептенип, / Какжайганы андан көп, / Адам билгиз арпы көп, / Арбаңдаган алпы көп, / Аттанып чыкты нечен сан, / Айтып болгус салты көп, / Апкаарып койбойт Сомбилек, / Атасын тарткан та… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →