кайың

китептерде 36 жолу, 8 китепте
  1. Ак кабыгы бар жалбырактуу дарак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тескей тоосу бул жердин, / Карагай, кайың кең экен, / Алдынкы саздын четинде, / Аралап айбан өткүсүз, / Караңгы токой чер экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чоктой кызыл табылгы, / Колдо камчы баарысы, / Кырчын талдар буралып, / Асман тиреп кайыңы, / Темирден катуу ыргайы, / Чыккан чөбү бүт дары, / Аркар оту, мамыры, / Арбын чөптүн тамыры, / Шыралжын менен бозунач, / Кокон менен сүт тикен, / Кан аккан же… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тымсак менен таш бака, / Аралап өткүс чөлүңдө, / Узуну келет жүз кулач, / Сары чаар жылан көлүндө, / Бугу менен маралы, / Көлөкөлөп жатышат, / Карагай, кайың түбүндө, / Аркар-кулжа аралаш, / Эчки,теке,боз кийик, / Жайнап жатат төрүндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…ырап, / Жан-жаныбар быжырап, / Тирүүнүн баары кыбырап; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап, / Тескейдеги карагай, / Бойун созуп карашып, / Тал менен кайың бой жасап, / Карагайга жанашып, / Четин менен табылгы, / Кыпкызыл болуп жарашып, / Саргарган чөптөр ыргалып, / Кеңкол ата, чоң Талас, / Кадимкидей түрдөнүп, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Он эки кайың таякты суусунан кесип алып, ошолоруң сынганча сабасаң гана хан анан туруп келет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →