кайырчылык
- Кайыр сурап күн көрүүчүлүк, суранып-тиленип оокат кылуучулук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жолдо кетип баратып, «баягы менин кайырчылык заманымда эл ушундай март болсо-чу» деп, бир ойлоп алдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок, кайырчылыктын кандай адисине салган менен бу жердин элинен көп өнбөдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Өзүм эс тарткандан берки өмүрүмдө көргөн кайырчылык күндөрүмдү төгүлтүп сайрап жатканымда угуучуларым менин артымдан ээрчип, окуяларыма аралашып, көп жерлерде жан тартып, мени аяп отургандай көрүнүп турду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →