кайырмак

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Учуна жем сайып балыкты илинтүүгө ылайыкталган иймекей ичке темир.
  2. Ошол темирди узун боого байлап, таякка же узун чыбыкка бириктирип жасаган балык кармоочу курал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ып коосунан, / Аркарын атып адырдан, / Түлкүсүн кагып аңынан, / Ителгиге илдирип, / Койонун кууп сайынан, / Агытып шумкар аккууга, / Каз-өрдөк кагып сазынан, / Кайырмак салып, тор салып, / Балык кармап суусунан, / Көк иримдүү булактан, / Кундуз кармап уусунан; / Салкында ордо атышып, / Эңишип улак тартышып, / Шерне жеп, тай со… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кангайлыкка көрсөтүп, / Кайырмак белең белимди?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ал дайым сууга барып, кайырмак салып жүрөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Кайырмак ийип, кара сууга салып, кара суунун түбүнөн ак балыкты эки жигит ала албады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →