кайырма2

китептерде 9 жолу, 5 китепте кайырма 1 →
  1. Жапайы өрдөктүн эркеги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Илбээсинди бүлдүрдү, / Кайырма менен сонону, / Карчыгага илдирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кайырма, чүрөк, соно бар, / Сазды ээлеп жердеген, / Ызгыч менен жагала, / Андай жандар бир канча, / Ала канат таркылдак, / Таң аткыча уктабай, / Сайрап чыгат таркылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…а деңиз кошулуп, / Кайсы экени билинбей, / Күлгүн тарткан кеп ошо; / Салынып барган тумшукта, / “Инжилди” көмгөн ороо бар, / Деңизинин бойунда, / Өрдөк, чүрөк, кайырма, / Аралашкан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / Арасында саргарган, / Алтын менен … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара куназ, казы бар, / Илек – илек, суучулдук, / Көлдө жүрөт шуңгушуп, / Суусунда бар балыгы, / Кайырмага салылуу, / Аз болгондо ар күнү, / Бир илек балык алынуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Каныкей турду кан какшап, / Кайырма жака киш ичик. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →