кайыр1
- Бирөөгө карата болгон мээрим, ырайым, жакшылык.
- Тиленчиге, дубанага берилүүчү садага, жардам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайыр айтып, кош айтып, / Келген элди таратып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Алмамбет, Чубак жол жүрүп, / Ат айабай мол жүрүп, / Жеткен жери алардын, / Кайырды деген жер ушу, / Алты жолдун кошуусу, / Улуу ингенден Шыпшайдар, / Өтөөр жолу мына ушул.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атыңды уктум, тапан хан, / Сен элиме барбадың, / Аламды айдап албадың, / Куламды кууй качпадың, / Куржунум оозун ачпадың, / Өзүң менен коштошуп, / Кайыр дешип кайтамын, / Катышса кимдер тим жүрбөй, / Канын суудай чайкаймын, / Мындан башка кебим жок, / Ушул менин айтаарым, / Аман болгун, Тапан хан, / Канчыкты ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— Жок, кетем,— деп кыскасынан гана бир жооп кайырды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Мен кайырчымын, кайыр тилеп жүрөмүн.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →