кайып1

китептерде 159 жолу, 9 китепте
  1. Алданын өзүнө гана белгилүү (эч бир жандын акылы жеткис), көзгө илээшпеген, көрүнбөгөн жашыруун абалы.
  2. дин. Көзгө көрүнбөй кубулуп жүрүп колдоочу кереметтүү күчтөр. Мис. Кырк Чилтен, Кызыр (Кыдыр) Илияз.
  3. Кереметтүү көзгө илээшпеген колдоочуга айлануу: «Манас» үчилтигинин айрым оң каармандары (Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Күлчоро), жаныбарлары (Акшумкар, Кумайык, Тайбуурул) кайып болгону – өлбөй тирүү калышып, жер кезип, көңүлдөрү сүйгөн адамдарга кезиккенде колдоо көрсөтөрү айтылат.
  4. Кереметтүү жаралуу: айрым каармандар (Айчүрөк, Арууке, Көкмончок ж.б.), айрым жаныбарлар (мис. Тайбуурул) Кайыптын тукуму, же кайыбынан табылат (Акшумкар, Кумайык, айрым тулпарлар).
  5. Кийиктердин жалпы аты, наамы, кайберен.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бей ажал өлүп Семетей, / Кайыпчыда жатканы, / Сейтек чыгып он үчкө, / Таласка кайра тартканы, / Таласка келип ээ болду, / Беттешкендер жоголду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…май энем Каныкей, / Көгүчкөн болуп кубулган, / Көйкапта кохар тууру бар, / Айчүрөк энем канаке, / Жаадыма түштүң силер, — деп, / Сыйынамын медер, — деп, / Анык кайып болгондор, / Жардамы болсо берер, — деп, / Айабаса ат -тонун, / Абам Гүлүс келер, — деп, / Арканды алган Кесилет, / Чырмап байлап бекемдеп, / Үзөңгү боого салг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Томайагың байыптыр, / Токумдарың кайыптыр, / Жолборсум Көкчө деп жүрүп, / Жолунан мен кул тайыптыр, / Кетечесин кайыптыр, / Кедейлериң байыптыр, / Кербеним Көкчө деп жүрүп, / Кебинен мен кул тайыптыр! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бир жыл өтүп кетиптир, / Жыл айланып жетиптир, / Кутубайдын Кара дөө, / Жетисууда жата албай, / Кайыпчыда мурунтан, / Кайберендин кени бар, / Жерин чардап, эл чардап, / Тамаша кылып сайрандап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бузбайлы мунун көркүн — деп, / Албайлы бойдун бөркүн» — деп, / Хан Кыйаз айтып болгунча, / Көйкөлө түшүп Семетей, / Коргошундай жылт этип, / Кайып болуп жоголду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →