кайында
- Эки жашты баш коштуруу үчүн салтка ылайык кудалашуу, баш байлоо кылып коюу.
- Кайнына барып, колуктусу жана анын ата-энелери, туугандары менен көрүшүү, алардын макулдугуна, сынына толуу.
- Үйлөнгөндөн кийин күйөөнүн кайын журтуна баруусу, катташуусу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Карагай, терек, кайыңда, / Куштар турган чурулдап, / Үн алышып канаттуу, / Сайрап жатат чырылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мундай айтып турду эле: / Шыгайдын уулу Чынкожо: / — Ат мингени келбедим, / Тон кийгени келбедим, / Манастын уулу Семетей, / Кайындап жүргөн катынын, / Алып алды колумдан, / Шаатемир кызы Чачыкей, / Алдырып ийип сулууну, / Кайгысын тартып калыпмын, / Аз келгенсип анысы, / Арага киши салышы, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →