кайын

китептерде 16 жолу, 7 китепте
  1. Кайны, аялдын күйөө тарабындагы, күйөөнүн аял тарабындагы ата-энеси, ага-туугандары.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көөнү ачылып кыз бала, / Кайын ата, кайнене, / Жупташына жаркылдап, / Күлгөн бойдон баруучу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кимди таанып, ким билет, / Ошолордун ичинде, / Чоңураагы экенсиң, / Ой, кайын иним, сен анда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ойтолоң берип буйрукту, / Майданга аскер сап болду, / Өйүз-бүйүз эки кол, / Талаанын бетин жык толду, / Андайды мурун көрбөгөн, / Ал жергеди элдерге, / Кыйамат кайын нак болду, / Бала баатыр Сейитке, / Бул канчалык иш болду, / Талаанын бетин чаңдатып, / Тарамышын чыйратып, / Караганды таңдантып, / Калың элди даңдантып, / Ба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Андан бетер Айчүрөк: / — Кайын атам Айкөлдүн, / Айаш атам Алмамбет, / Арбагың эбеп-жөлөр, деп, / Буда ыйлап мелтиреп, / Жал-жал карап турганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Каардуу кайын ата каарданып колун сунду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →