кайыл1

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Эмне кыйынчылык, азап-тозок болсо да көтөрүүгө макул, бардыгына ыраазы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коркуп кетип испандык, / Кошуун берди аларга, / Кайыл болду оогандык, / Таласка бирге барганга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Тайталаң кеби акыл, деп, / Кайыл болуп макул, деп, / Алыстан келген кыргызды, / Кыйраталы такыр, деп, / Жетимиш миң кол жүрдү, / Жер майышып мол жүрдү, / Тайталаңы баш болуп, / Отуз тогуз зор жүрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кайыл болуп Чубакка, / Карсылдап күлүп Алмамбет, / Айтты жана мындай кеп: / — Анык арстан экенсиң, / Айтканыңа жеткин, — деп, / Капкачанкы каарымды, / Эми сенден кеч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— / Деп, айтканда Канчоро, / Кайыл болду Гүлчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кайыл болуп келдиңби, / Кара башка ажалды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →