кайык1

китептерде 9 жолу, 7 китепте кайык 2 →кайык 3 →кайык 4 →
  1. Кайып тигилген тигиш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көлгө кирсем кайыкмын, / Деңизге кирсем балыкмын, / Булутту минем ат кылып, / Жүрөгүн алам ар кимдин, / Кур чагылган чактырып, / Музду калап от жагам, / Агып сууну сүт кылам, / Заңк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Аты эчен тайылып, / Ойдуңга калса тушугуп, / Жыгылчудай сайылып, / Тоголотуп кетчүдөй, / Толкун уруп жабылып, / Арык уйдай солкулдап, / Үшүп барат кайыгып, / Ак жалданган көл болду, / Адам тепсеп турган жер, / Жалтыраган муз болду, / Үч кубулуп жер бети, / Мына мындай иш болду, / Найзасын уруп кагышпай, / Кылычын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ — Асманда жүрсөң канаттуу, / Сууда жүрсөң кайыктай, / Өнөргө канган өзүңүз, / Буруусу жок бул жерде, / Карап турган көзүңүз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кайыптан беле Тайбуурул, / Суу түбүндө чөкпөгөн, / Кайык беле Тайбуурул, / Туура сүзүп ыргыган, / Балык беле Тайбуурул, / Муз келсе суудан чураган, / Буудандыгын билгенде, / Букардын ханы сураган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жез кемпир сокусун кайык кылып минип, сок-билегин калак кылып деңизден сүзүп жөнөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →